Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын клиникалык ооруканасында стационардык дарыланууну баштады. Бул тууралуу маалыматты парламенттин басма сөз кызматы тастыктады.

Ага чейин спикер өзүн-өзү изоляциялап келген. Ооруканага которуу зарылдыгы ден-соолугунун начарлашына байланыштуу келип чыккан.

«Азыр Талант Мамытовдун абалы туруктуу, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындан тышкары, бүгүн Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкери, анын ичинде кабылдаманын кызматкерлеринин арасында коронавирус диагнозу коюлган. Коронавирустун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн КР ЖКнын 36 кызматкери аралыктан иштөө режимине өттү», — деп билдирди басма сөз кызматы.