Жарандарга  учуудан мурун  коркуу сезиминен жана стресстен арылууга байланыштуу кеңештер берилди.

Психолог Ирина Фролова айтымында, адреналин гормонунун бөлүнүп чыгышынан улам, адамдын мээси окуялардын жыйынтыгы боюнча эң жагымсыз сценарийлерди айланып өтө баштайт. Демек, учакка отуруудан коркуу сезиминен арылуунун бир жолу — дем алуунун атайын ыкмаларын колдонуу.

«Үстүртөн эмес, тереңирээк, ичтен дем алганга аракет кылыңыз. Колуңузду курсагыңызга койсоңуз, аба сизди кандайча толтуруп, сизди кандайча бошотоорун сезесиз », — дейт эксперт.

Мындан тышкары, ароматерапия чыңалууну жоюуга жардам берет. Адис жогорку сапаттагы эфир майларын — жалбыз жана лаванда экстракттарын колдонууну сунуштады, алар билектерге сүйкөлсө, нерв системасына жакшы таасир этет.