Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу медицина кызматкерлери!

Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Сиздердин кесибиңиздер – талыкпас эмгекти талап кылып, адамды мээримге жана камкордукка бөлөйт. Сиздерге албан ийгиликтерди жаратууну, кажыбас кайратты каалайбыз.

Силер ар бир бейтапка жүрөгүңөрдүн бир бөлүкчөсүн берип, күн сайын кимдир бирөөнүн өмүрү, ден соолугу үчүн күрөшүп келесиңер, андыктан силерге да болоттой чың ден соолук каалайм. Ар бириңиздерге күч-кубат жана сабырдуулук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакубатчылык тилейм.

COVID-19 илдети апкелген дүйнөлүк кризис – саламаттык сактоо жана башка көптөгөн тармактардын кризиси. Азыркы тапта негизги мүдөө башка өлкөлөрдөгүдөй эле, жарандарыбыздын өмүрүн сактоо, илдетти жуктуруп алгандарды дарылоо жана оорунун жайылышына бөгөт коюу. Кыргыз Республикасы коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир катар кыйынчылыктарга туш болууда.

Бул “өнүгүү тармагындагы кризис”, эгер аны толугу менен тез арада жөнгө салбаса, өлкөнүн өнүгүшүнө узак убакытка чейин терс таасирин тийгизип, өнүгүү тармагындагы акыркы жылдардагы жетишкендиктерди жокко чыгарышы ыктымал. Демек эң алгач алсыз жана калктын аялуу катмарларына көңүл бурулушу керек.

Калк саламаттыгы Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

2021-жылдын башында “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, калктын жашоо-шартын жана саламаттыгын жакшыртуу жөнүндө” Жарлык кабыл алынып, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган.

Өткөн жылы жалпы суммасы 448,5 млн сомду түзгөн 14 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түздөө иштери пландаштырылып, анын 81,2 млн сому республикалык бюджеттен, калган суммасы Региондорду өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 11 объект бүткөрүлдү. Бишкек шаарындагы 100 орунга ылайыкталган жана Нарын шаарындагы 70 орунга ылайыкталган жугуштуу оорулар ооруканасы бүткөрүлүп ишке берилди.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларынын алкагында жалпы республика боюнча 109 703 адам эмдөөдөн өттү.

Эксперттердин айтуусунда бүгүнкү күндө илдеттен сактануунун натыйжалуу чарасы — ооруга каршы эмдөөдөн өтүү, ошону менен бирге санитардык талаптарды так сактоо.

Кооптуу илдетке каршы эң мыкты дарыгерлер, медайымдар жана санитардык кызматкерлерибиз талыкпай эмгектенип жатышат.

Урматтуу медицина кызматкерлери!

Эл үчүн кылган ак кызматыңар, чыдамкайлыгыңар, кесиптик милдетиңерди так аткарганыңар, бейтаптарга кылган жылуу мамилеңер жана мээримге толгон жүрөгүңөр үчүн ыраазычылык билдирем! Чын дилимден бекем ден соолук, бакубатчылык жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!».