Кайгырып турсаң жаратылыштын сулуулугу көрүнбөйт. Аны көрө билиш керек. Сезе билиш керек.

#ЖылдызканЖолдошевага айтып койгулачы. Көлдүктөр эле көлдүктөр! деп эмеси түшкөн аюдай өкүрүп атат. Мен Көлдүк болуп калганыма өкүнбөйм. Анан дагы буга окшогон трайбалистерге Көлдүктөрчө жооп берип коеюнчу.

Биринчиден: 30 жылдан бери көлдүктөр унчукпаган үчүн, көлдүн жолу жасалбайт. Башка областардын баарына жол салынды.

Экинчиден: 30 жылдан бери көл жээгиндеги пансионатты кой, көлдүктөрдүн бир дагы котеджи жок. Өзүбүз көлгө түшө албай калдык. Силер миңдеген чарчы тосмолорду куруп алгансыңар.

Үчүнчүдөн: Көлгө бир дагы инвестициялык долбоор келген эмес. Бир дагы ишкана салына элек.

Төртүнчүдөн: Бизге караганда көлгө силер көп барасыңар. Силер көп эс аласыңар.

Бешинчиден: Жети Акенин тукумунан беш эмес, 50 министр болсо дагы жарашат. Эмнеге эле Көлдүктөргө келгенде көлөчүңөрдү көтөрө чабасыңар? Көлдүктөр сизге эмне кылды? Пляжда чебагын кымбат саттыбы? Же Садыр досуңуз сиз каалаган нерсени кылбай койдубу? Бузукулукту токтотуп, аял экениңизди, эне экениңизди эгер болсо… анан барып саясатка случайно келип калганыңызды унутпаңыз! Көлдүктөрдүн табияты башка!!!