Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында 5-июлда профилдик министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда болуп өткөн жыйында бүтүндөй өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн катализатору боло турган туризм жана инвестициялык потенциалы жогору делген аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Асман» — келечектеги «экологиялык таза шаар» пилоттук долбоору тааныштырылып, талкууланды. Авторлордун концепциясы боюнча аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болуп, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден-соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу ж. б. каралган.

Долбоорго ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу менен, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Параметрлерге ылайык, инфраструктура 500 миң кишилик туруктуу жашоочуга деп эсептелген. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу пландалууда.

Долбоордун авторлорунун айтымында, алдыга коюлган максаттарга жетүү менен экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, ошондой эле ата мекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө ж. б. суроо-талаптарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жыйындын жыйынтыгында, аталган долбоор боюнча ар тараптуу анализдөө жана керектүү изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, кургак жерлерди трансформациялоо, керектүү инженердик жана байланыш тармактарынын наркын, ошондой эле тармактарга жараша алардын кирешелүүлүк деңгээлин изилдеп чыгуу сыяктуу маселелер боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.