Кыргызстанда электр кубатына болгон жаңы тарифтер 1-сентябрдан коюлуп башташы мүмкүн. Бул тууралуу Отун энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова  брифингде билдирди.

Эске салсак, апрель айында Президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушун айткан. Бийлик алгач абоненттерди категорияларга бөлүүгө ниеттенип, бирок кийинчерээк киловатт саатына 1,09 сомдон болсун деп бирдиктүү тарифти сунуштаган.

Ошол эле учурда,  Жогорку Кеңештин депутаттар тобу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго электр кубаты менен жылуулукка жаңы тарифтерди киргизүүнү токтото турууну сунуштап кат жөнөткөн.

Анда депутаттар өлкөнүн электр энергия системасынын абалын көрүп тургандыктарын айтып, тарифтерди көтөрүү социалдык жарылууга жана ири компаниялардын жабылышына алып келет деп эскертишкен.