1-июндан, Орхан Инанды жоголгон күндөн тарта эле анын сыртка чыгарылып кетишине бөгөт коюлуп, бардык чек араларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Бул тууралуу Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Жогорку Кеңеште жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине Шаршеевди күнөөлөдү.

«Кыргызстандын жараны чек арадан чыгарылып кетти. Сиз күнөөлүүсүз да. 1-июнда бөгөт койгон экенсиздер, бирок иш жүзүндө чыгып кетип жатпайбы…», — деди Нурбаев.

Чек ара кызматынын төрагасы бул иш боюнча Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын айтты.

Ал эми Нурбаев «бул калпыстык үчүн кечирим сурап, иштен кете аласызбы?» деп сурады.

Ага Шаршеев эгер буйрук берилсе кетүүгө даяр экенин айтты. Андан соң депутат буйрук берилишин күтпөй өзү арыз жазып кетишин сунуштады.