«Орхан Инандыга коопсуздугу боюнча кышта эле эскертүү берилген, бул тууралуу анын аялы дагы, «Сапат» билим берүү комплексинин жетекчиси Нурлан, азыр анын фамилиясын эстей албайм, ал дагы билет болчу. Биз бардык жагдайларды айтып эскерткенбиз, эгерде ошондой аракеттер болбосо аны февраль айында эле уурдап кетишмек», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Мындай пикирин ал бүгүн, 8-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди. Ошондой эле Ташиев Орхан Инандыны бир нече жылдан бери эле уурдоо аракеттери болуп келгендигин кошумчалады.

«Ал «ФЕТО» уюмунун мүчөсү болгондуктан мындай аракеттер дайыма эле жүрүп келген. Бардык фактылар аныкталгандан кийин 2019-жылы 7-декабрда бул боюнча иликтөө иштери болгон экен. Биз уурдала турган адам Орхан Инанды экенин аныктап чыккандан кийин аялын чакырдык. Ошол учурда анын аялы Орхан Инанды 3 күнгө жоголуп кеткенин айткан. Биз аны кайра кайтарып алдык. Болбосо ошол учурда эле уурдап кетишмек, кийин өзүнө коопсуздугуна көңүл буруусун эскерткенбиз», — деди Камчыбек Ташиев.