Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагы менен чектешкен кыргыз-тажик чее арасында азыркы учурда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл өкмөтү Эмил Жороев 24.кг агенттигине билдирген.

Анын айтымында, азыркы учурда чек арада абал туруктуу.

«Чек арада болгон атышуу айылдан өтө узак жердеги тоодо болгон. Атышуунун үнү дагы угулган эмес. Ал жерге баруу өтө кыйын жарым жолго чейин унаа менен барса болот, калганына жөө же ат менен барыш керек.

Биздин чек арачылар аймакты көзөмөлгө алып турат. Чатак боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жаракат алган жана каза болгондор тууралуу азырынча маалымат такталууда»,- деди Жороев.