Кылмыш-кырсык
Ысык-Атада көлмөгө чөгүп кеткен 16 жана 18 жаштагы кыздардын сөөгү табылды
Ысык-Ата районунун Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө эки кыз чөгүп кеткен. 102 кызматына билдирүү 9-июлда түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 18:03тө 3 куткаруучу чыгып 18:59 жерине жетишти. Издөө иштеринин натыйжасында 2003-ж.т. К. А.нын жансыз денесин саат 19:30да, ал эми 2005-ж.т.Э.к. А.нын жансыз денесин саат 21:10до суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.