Кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин аныкталышы керек. Бул тууралуу кечээ, 11-июлда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«14-июлга чейин добуш берүүгө катышкандардын тизмеси биздин порталга илинет. БШК тарабынан чыгымдардын сметасы 39 миллион 944 миң сомду түзгөн. Алдын ала маалымат боюнча 38 миллион 654 миң сом чыгашалар болду. Бишкек шаары боюнча 27 миллион сомдон ашык каражат, Ош шаары боюнча 9 миллион 349 миң сом, Токмок шаары боюнча 2 миллион 612 миң сом кетти», — деди.