Шайлоо алдында партиянын «алтын тизмесинин» баасы 1 млн долларга чыгат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов комитеттик отурумда билдирди.

Депутат жыйынында шайлоо процесси башталаары менен саясий партиялардын лидерлери үчүн “бизнес сезон” башталаарын белгиледи.

Анын айтымында, партиянын тизмесиндеги талапкерлердин санын 55-65ке түшүрүү керек.

«Партиялык тизме менен шайлоо өткөрүүнүн кесепетин былтыр октябрда көрдүк. Шайлоо алдында талапкер 100 миң долларын көтөрүп алып чуркап жүрдү.

Партиянын тизмесиндеги талапкерлердин санын кыскартыш керек.

Алдыдагы шайлоодо «алтын тизменин» баасы 1 миллион доллар болот деген сөздөр айтылып жатат.

Мындан партиянын лидерлери эле пайда табышат»,- деди депутат.

Эске салсак, бүгүн, 13-июлда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карады.