Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын жолдошу каза болду. Бул тууралуу ырчынын жакындары билдиришти.
Анын март айынан бери ооруп жүргөнүн балдызы куудул Назира Жетигенова белгиледи.
«Жездем кечээ, 14-июлда кечинде каза болду. 49 жашта болчу. Ушул жылдын март айынан бери ооруп жүргөн. Дарыгерлер так диагноз коё алышкан эмес», — деди ал.
Алина Жетигенова менен жолдошу 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен.