Коом

Курман айтта кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

19-июлдагы жумушчу күн 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Мындай чечим мамлекеттик жана муниципалдык ишкана-мекемелерде иштеген кызматкерлердин эс алуу күндөрүн туура пайдалануу үчүн кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июлда Курман айт белгиленип, ал күн дем алыш күн болуп саналат. 17-18-июлдар ишемби жана жекшемби күнгө туура келгендиктен жарандар 20-июлга чейин эс ала алышат.

Беш күндүк иш график менен иштеген жеке менчик ишкана-мекемелердин жетекчилерине 19-июлдагы иш күнүн 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдыруу сунушталат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button