Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлдан бери Чыгыш Казакстан облусунда эс алууда. Бул тууралуу  мамлекет башчынын басма сөз катчысы Берик Уали билдирди.

«Мамлекет башчысы 13-16-июль аралыгында төрт күндүк кыска мөөнөттүү эс алууда. Касым-Жомарт Кемелевич өргүүсүн өлкөнүн эң кооз жерлеринин биринде — Чыгыш Казакстан облусундагы Бухтарма суу сактагычында өткөрөт », — деди басма сөз катчысы.

Берик Уалинин айтымында, президент ишембиде борборго кайтып келет.