Саясат

Каныбек Осмоналиевдин жакындары эч кандай кысымга кабылган жок

Жакында парламенттин экс-депутаты, экс-билим берүү министри, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун кеңешчиси Каныбек Осмоналиев маалымат каражаттарында билдирүү жасады. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, акыркы учурда катуу кысымга туш болгонун айтты.

Каныбек Осмоналиевдин айтымында, президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов бийликти колго алып, Садыр Жапаровду жек көрсөтүп жатат.

Каныбек Осмоналиевдин өзү менен байланышууга аракет жасадык бирок,  мүмкүнчүлүк болгон жок, анткени ал телефон чалууларга жооп бербей жатат. Бирок  анын иниси, Кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул Осмоналиевич менен байланышканыбызда, ал агасы менен эмне болуп жатканын түшүнбөй жатканын билдирди.

«Мен агам  Каныбек Осмоналиевдин маегин окуп, анын айткандарына таң калдым. Мен аны менен байланышууга аракет кылдым, бирок натыйжасы жок», — деди Абдураимов.

Ал белгилегендей, анын үй-бүлөсүндө эмне болуп жаткандыгын билбейт, анткени алар Бишкекте, ал өзү Ошто жашайт.

«Балким, ал бир нерсени кыялдангандыр, бирок мен билбейм. Мен анын уулу жана аялы менен байланыштым, эч кимиси жумуштан алынбай эле, алардын бардыгы өз ордунда тынч иштеп жатышат экен. Мен да өз орумда иштеп жатам. Каныбек жумуштан кеттиби же жокпу, билбейм», — деп сөзүн жыйынтыктады Жарасул Абдураимов .

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button