Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы, мурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун атасы Эдуард Новиков каза болду. Бул маалыматты Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Эдуард Новиков кечээ, 15-июль күнү каза болгон.
Буга чейин ЖМКлар Эдуард Новиков деңизде капитан болгонун жана көптөгөн өлкөлөрдү кыдырганын, бирок уулу төрөлгөндө ал жумушун алмаштырганын жазып чыгышкан.