Акыркы жумада Түркиянын борбордук Конья провинциясындагы Туз көлүнүн (туздуу көлдүн) кургап калган бөлүгүндө жүздөгөн фламинголордун өлүгү табылды, бул бийликти кургакчылыктын экосистемага тийгизген таасирине кайрадан көңүл бурууга түрттү.

Түркиядагы экинчи чоң жана дүйнөдөгү эң ири туздуу көлдөрдүн бири болгон Туз көлү – келгин куштардын эң жакшы көргөн жерлеринин бири жана илгертен бери фламинголордун мекени болуп келген. Көл тайыз жана жыл ичинде жаан-чачын аз болсо да, анын туздуу болушу  куштардын уя салуусуна өбөлгө түзөт. Бирок, климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кургакчылык көлдүн суусунун төмөндөшүнө алып келип, фламинголордун тамак табуусуна кыйынчылыктарды жаратууда.

Куштар көлгө март айында учуп келишкен. Жай мезгилинде бул аймакка көп барган жаратылыш таануучу фотограф Мехмет Эмин Өзтүрк Туз көлү «фламинго үчүн бейиш болгон, бирок азыр ал жаман түшкө айланды»,- дейт.

Куштарды байкоочулардын айтымында, Туз көлүндө жыл сайын 5000ден 10000ге чейин фламинго балапан чыгарып келген. Азырынча 5 миңдей  гана  балапан чыккан.