Өлкөдө бүгүнкү күндө эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Ата-энелер жана мугалимдер жаңы окуу жылына эмнелерди даярдаш керек жана балдар мектепке кайтып келишеби?  Бул тууралуу  суроолорго Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова 24.kg агенттигине берген маегинде  мугалимдер эмдөөдөн өтүп жатканын билдирген.

«- Бир нече факторлор бар. Кыргызстанда калкты, анын ичинде мугалимдерди жана мектептеги техникалык кызматкерлерди жигердүү эмдөө башталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөштүк: эгерде июль-август айларында эмдөөдөн өтсө, бул салттуу режимде иштөөгө жардам берет. Бардык райондордо жана шаарларда жолугушуулар өткөрүлүп, олуттуу каршы көрсөтмөлөрү жок тарбиячылар эмдөөдөн өттү.

Ошондой эле, жалпы коронавируска байланыштуу кырдаал турукташат деп үмүттөнөбүз. Өткөн жылы биз аймактык, жергиликтүү штабга басым жасадык. Эгерде COVID-19 боюнча абал туруктуу болсо жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн өкүлдөрү баары жакшы деп айтса, анда, албетте, оффлайн режимине кайтууга аракет кылабыз.

Бирок Кудай сактасын, эгер кандайдыр бир жерде олуттуу коркунучтар болуп калса, анда убактылуу онлайнга өтүүгө туура келет. Мындай болбойт деп үмүттөнөбүз. Бул, албетте, каалаган вариант эмес. Бирок пандемия бизди баарына даяр болууга үйрөттү.

— Башкача айтканда, азырынча так жооп жокпу?

— Ооба, ушул эки жолду карап жатабыз. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөлөрдүн саны жөнүндө маалымат берет. Билим берүү кызматкерлеринин  эмдөөнүн эсебин өзүбүз жүргүзөбүз. Эгерде адамдар эмдөөдөн өтүп, кырдаал туруктуу болсо, биз оффлайн сабактарга уруксат берүүнү суранабыз»,- деген ал.

 

Булак: 24 кж