Дания менен Германиянын окумуштуулары бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин полынь (эрмен же шыралжын чөбү) коронавируста эффективдүү жардам берет деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Даниядагы Копенгаген университетинин доктору Юйонг Чжоу жана Германиядагы Макс Планк интерфейстер жана коллоиддер институтунун доктору Керри Гилмор жетектеген изилдөө эрмендин курамындагы артемизинин затынын SARS-CoV-2 вирусу жуккан адамдын клеткасына тийгизген таасири кандай болору тууралуу изилдешти.

Жыйынтыктар бул зат клеткадагы, анын ичинде өпкөнүн клеткасындагы вирусту ийгиликтүү түрдө жок кыла алаарын көрсөттү.

Окумуштуулар бул жааттагы изилдөөлөрүн улантышууда, толук жыйынтыктар үчүн дагы бир нече иликтөөлөр талап кылынат. Жакында алар артемизининди клиникалык сынактан өткөрүүнүн I фазасын баштоону пландашууда.