Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Чынгыз Айтматовдой аска-зоонун күтүүсүздөн кулашы биз үчүн өтө оор жоготуу, улуттук деңгээлдеги кайгы болгон.

«Чыңгыз Айтматовдун бейитиндеги эстеликке карата «түндүк жерде жатпайт»- деп акылдуусунгандарга каяша иретинде…

Ооба, кыргызда «түндүгү түштү» деген сөз башка оор трагедия келгенде айтылат… Эл башына андай оор учурлар далай келген… Тээ көөнө тарыхты айтпаганда дагы акыркы 3 кылымда 17-18-кылымдардагы ойроттордун жапырыгында, 1916-жылы орустардын кыргынында түндүк түшүп, эл бүлүнгөн… Ошондой жоо чапканда «…катуудан казан, жумшактан күл эле калды…түндүгүбүз түштү…»- деп айтылган.

Ошол сымак эле, Чынгыз Айтматовдой аска-зоонун күтүүсүздөн кулашы биз үчүн өтө оор жоготуу, улуттук деңгээлдеги кайгы болгон… Бейит башындагы эстелик кайсы бир салтанатка карата коюлган эмес… Ал улуттук аза күтүүнүн символу… Чыңгыздай аалам алпын жоготуп «түндүгүбүз түшүп турат»- деген белги… Ошондой эле белги ошол «Ата Бейитте» 1938-жылы атылып кеткен Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовдор баш болгон улут каймактарына да коюлган… Туура түшүнүп, туура баа берели туугандар…»-деген.

Эске салсак, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун уулу Аскар Айтматов атасынын  мүрзөсүнө коюлган түндүк жерде жатканына нааразы болуп, коомчулукка кайрылуу жасаган.