20-июлда Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны изилдөө борбору (OCCRP) Pegasus тыңчыларынын тизмесин казакстандык секторго кошту. Анын курамына Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Премьер-министр Аскар Мамин жана Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаев кирди.

Буга чейин өлкө NSO Group компаниясынын Pegasus программасын, ошондой эле Миланда жайгашкан Hacking Team тарабынан түзүлгөн тыңчылык программаларын колдонуп жаткандыгы тастыкталган. Pegasus тиркемеси телефон чалууларды угууга жана кат алышууларды окууга, сүрөттөр менен сыр сөздөргө кирүүгө, GPS маалыматтарын көзөмөлдөөгө, үн жана видео жазууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жарыяланган Pegasus тизмесине башында 5 адам — ​​2 журналист жана 3 коомдук активист кирген, бирок борбор,  “Казакстандык тизмеде” 2000ге жакын  номер бар экендигин белгиледи.

Төмөндөгү аталыштар максаттуу багыт үчүн тандалып алынган казакстандык номерлердин чакан үлгүсүн билдирет:

— Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев;

— премьер-министр Аскар Мамин;

— Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаев;

— журналист Серикжан Маулетбай;

— журналист Бигелди Габдуллин;

— активист Бахытжан Торегожина;

— активист Мартин Виллиум;

— активист Квентин Гиллемин.

OCCRP 18-июлда иликтөө жүргүзгөн. Анда ондон ашык мамлекеттен NSO Groupтун потенциалдуу кардарлары аныкталды. Булар Казакстан, Азербайжан, Венгрия, Бахрейн, Индия, Индонезия, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Арабиясы.