«Kadam-media.kg»  маалымат порталына,  курулуш компаниялардын биринин өкүлдөрү кайрылышты. Алардын айтымында жетекчилердин ишенимине кирген жаран алдап кеткен. Ал жаран депутат болууга аттанганы да айтылды.

«1992-жылы төрөлгөн Осмонали уулу Мухамад аттуу жаран, курулуш ишканаларынын жетекчилеринин ишеничине кирип, карызга ири өлчөмдө арматура, бетон сыяктуу материалдарды алып турган. Алар менен өлкөнүн түштүгүнө турак жай салынып, сатыкка да чыгарылчу. Алгачкы сегиз ай аралыгында бөлүп төлөмүш болуп, кийин такыр эле изин жашырып кеткен.

Мухамад мырза социалдык түйүндөрдө дагы активдүү болуп, чоң саясатка аралашуу ниетин билдирип жүргөнү белгилүү болду. Кийинчерээк баракчалары жоголуп кеткен.
Учурда бир эле курулуш ишканасына карызы 53 млн сом же 625 миң АКШ долларын түзөт.

Шылуундук кылганынын далили катары сүйлөшүүлөрдүн скрин көчүрмөсү көрсөтүлдү. Анда, ал Дубайда экендигин, каражат которуу үчүн, банктык эсепти сурагандын, бүгүн эртең деп создуктурулганы келтирилген. (Тиркелет)
Ошондой эле үн жазуулары бар. Мухамад Осмонали уулуна ишенип, ортомчу болгон адамдар 30-апрелден бери анын карыздарын төлөгөнгө мажбур.

Бул көз боемочудан жабыркагандар болсо, редакцияга кабарлап койсоңуздар, биригип укук коргоо органдарына арыз жазып, Эл аралык издөөгө берүү максатын көздөйбүз дешет,»- редакцияга кайрылгандар.

Журналисттик бейтараптуулук үчүн алдамчылык менен изделип жаткан Мухамад Османали уулунун да пикирин берүүгө даярбыз.