Коом
Бишкекте милициянын кайгуул кызматы айдоочулардын коопсуздугун күнү-түнү камсыз кылууда
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери күнү-түнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Профилактикалык иш-чаралар биринчи кезекте жарандардын коопсуздугу жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга багытталган.
Ошол эле учурда, кайгуул милициясы айдоочуларга жол эрежесин так сактоону эскертүүдө. Алар айдоочуларды жолго чыгарда жакшы уктап, спирт ичимдиктерин ичпей, жүргүнчүлөрдү ташууда жоопкерчиликтүү болууга чакырышууда.