Баткенде тажик аскерлери тарабынан талкаланган 60 үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 15 үй пайдаланууга берилди. «140 үйдүн 60ы бүткөрүлдү. 15 үй-бүлө калыбына келтирилген үйлөрүнө киришти», — деди ал.

Самат Бөрүбаев бул үйлөр кайсы айылдарда жайгашкандыгын так айткан жок. Белгилүү болгондой, буга чейин курулуш Лейлек районунун Максат айылында гана жүргүзүлгөн.

Жалпысынан Баткен районунда 11 айыл жабыркады, 120 үй жана 84 социалдык объект, анын ичинде мектеп, ФАП, бала бакча, Ички иштер министрлигинин имараты, төрт чек ара заставасы, медициналык пункт, стоматологиялык борбор, эки дарыкана, өрт өчүргүч, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүндөрү, беш ашкана жана үч тойканалар. Жалпы чыгым 1 миллиард 300 миллион сомду түздү.