Бишкек шаарынын Октябрь районуна Мирлан Эшкожоев аким болуп келди. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал эми мурдагы жетекчи Данияр Арпачиевдин кызматтан өз каалоосу менен кеткендиги айтылды.

Жаңы аким Эшкожоевди Бишкек шаарынын вице-мэри Руслан Акылбеков бүгүн райондук администрациянын жамаатына тааныштырган. Маалыматта Эшкожоев буга чейин Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүнүн башчысы болуп иштегендиги айтылган.