Улан Сатиев КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу фотограф Султан Досалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, КТРКнын Байкоочу кеңеши Сатиевди аталган кызматка кечээ, 29-июлда дайындады.

Ал июнь айында КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Эске салсак, Сатиев буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.