Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балакчы шаары жана Тоң районунун Кескен-Бел ашусу, Кара-Тала, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, турак үйлөрдү суу каптап ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон.

«Азыркы учурда Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун ӨК бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазало иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган эмес. Толук маалымат берилет»,-деп жазат аталган министрликтен.