Эртең, 31-июлда Республиканын айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз + 29 … +34;

Талас облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +28 … +33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +32 … +37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +22 … +27;

Нарын облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +25 … +30 градус ысык болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13 … +18, күндүз +29 … +34 градус ысык болот.