«Кадамжай» өткөрмө бекетинин алдында Өзбекстандан үч аял мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Өзбекстандан Кыргызстанга ПТР анализинин терс натыйжасы тууралуу сертификатты көрсөтпөстөн өтүүгө аракет кылышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-карантиндик кызматынын кызматкерлери аларды киргизбей коюшту. Кыздар өзүн агрессивдүү алып жүрүшкөн, чек арачылардын да, милиция кызматкерлеринин да талаптарын аткарышкан эмес, көзөмөл-өткөрмө бекетинде жаңжал жана чатак чыгарышкан.

Укук коргоо кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузуучуларга каршы соттук териштирүү жүргүзүштү.

Акыркы убакта коңшу мамлекеттердин жарандары тарабынан ПТР тесттеринин терс жыйынтыктары жөнүндө жасалма тастыктамалар жана COVID-19га каршы эмдөө сертификаттары менен мамлекеттик чек арадан өтүү аракеттери көп кездешүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматы мындай аракеттер   катуу көзөмөлгө алынып, мыйзам бузуучулар жоопко тартыларын эскертет.