Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары «Н.Т.М.» (Таалайбек Нуралиев) коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги астында мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз иштерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алууга байланыштуу коррупциялык схема аныкталган.

Кечээ, 2-августта анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, 3,5 миң доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган.

Жашаган жеринен ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч ж.б. буюмдар табылган.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.