Кечээ, 30 -июлда Каракол шаарындагы дарыядагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам «Ривер Парк» бузулган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Парктын бүт инфраструктурасы олуттуу зыянга учурап, бир бөлүгү  сууга аккан. Тактап айтканда, парктын эки бурчун бириктирген көпүрөнү сел алып кеткен.

Аталган парк 2017 -жылы ачылган жана ошол эле аталыштагы дарыянын жээгинде жайгашкан. Долбоор USAIDдин бизнести өнүктүрүү демилгеси жана шаардык мэрия менен өнөктөштүктө «Destination Каракол» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылган.

Парктын курулушуна 7 миллион сом сарпталып, эки жылда курулуп бүткөн.