Кылмыш-кырсык

Баткенде катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти

Баткенде катуу шамал  көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-августта кечки саат 20:00дөр чамасында катуу шамалдын кесепетинен Баткен шаарынын Садыков көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу үйдүн чатырынын 1 бөлүгү учуп, телефон чубалгысына түшкөндүгү туралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан алты куткаруучу тартылып, илинип калган чатырды түшүрүп, коопсуз жайга алып беришкен.

Кырсыктан жабыркагандар жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button