Москва шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды  турак үйдүн короосундагы отургучка таштап кеткен аялдын өздүгү такталды. Бул тууралуу  Москва прокуратурасынан билдиргенин орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык,  баланы отургучка тыштаган  Кыргызстандын 26 жаштагы  жараны экени аныкталган.

«Алдын ала маалымат боюнча, бала анын уулу. Аял милиция бөлүмүнө жеткирилди», – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Россиянын Москва шаарындагы турак үйдүн короосундагы отургучтан жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы айтылып, баланы тыштаган кыргыз жараны болушу мүмкүн экени айтылган.