Кылмыш-кырсык

Таш-Көмүрдө күйөөсүн кызганган аял курбусун өлтүрдү

Таш-Көмүр шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 38 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, киши өлтүрүүгө жолдошуна болгон кызганыч себеп болгон.

«Аялдар бири -бирин таанышканы белгилүү. Кармалган адам, кээ бир маалыматтар боюнча, жабырлануучуну көрүү үчүн келген. Алардын ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө шектүү досунун ашкана бычагы менен мойнуна сайган. Кылмыш жасалган соң шектүү бычакты ыргытып жиберген », — деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы адам өлтүрүү фактыны тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, 11-август күнү саат 13:15 чамасында Таш-Көмүр ШИИБинин 102 кызматына Шамалды-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

Чакыруу боюнча тергөө ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн табылып, ал 1978-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран экендиги такталган. Ал киши колдуу болуп каза болгону аныкталган.

Аталган окуя боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну 1983-жылы туулган П.Т. аттуу аял киши аныкталып, тергөөгө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Таш-Көмүр шаардык соту карап 2 айга камакка алган. Учурда окуя боюнча адам өлтүрүүнүн себептерин аныктоо, өндүрүш ишти соттун кароосуна жиберүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button