Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы, Жарандык берүү комиссиясынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыга кыргыз жарандыгынын берилиши боюнча билдирүү жасады.

Фарид Ниязов Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча ага шектүү экендиги жөнүндө билдирме берилгенин айтып, ага ачылган иштин саясий өңүтү бар экени билдирген.

«Камчыбек Ташиевдин «Сапат» мектептеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деген билдирүүсү кезетеги кылмыш ишине айланды. Ал иштин эч негизи жок жана айыптоолор юридикалык жактан сабатсыз түзүлгөн. […] Жарандык берүү комиссиясынын аракеттери жана «Сапаттын» жетекчисинин кыргыз жарандыгын алышы мыйзамдуу болгон», — дейт ал.

Ниязовдун айтымында, ага берилген билдирмеде Орхан Инандыга кыргыз жарандыгы мыйзамдуу берилгендигин четке каккан негиздүү жүйөлөр келтирилген эмес.

Белгилүү болгондой, 10-июлда ИИМ 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. ИИМден белгилешкендей, 2016-жылы президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссия (Фарид Ниязов жетектеген) Түркиянын 10 атуулун кыргыз жарандыгына кабыл алуу тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарып, андан кийин жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин (Алмазбек Атамбаевдин) тиешелүү жарлыгы чыккан.

Эске салсак, Ниязов Жарандык маселелер боюнча комиссиянын башчылыгына 2012-жылдын февраль айында келген.