Баткендин Лейлек районунун Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы курулган үйлөргө көчүп кирип, жашай баштады. Дагы 24 турак үйдүн курулушу жүрүүдө. Апрель айынын аягында орун алган чек ара окуясында тажик тараптын кол салуусунан Максат айылы эң көп жабыркап, 84 үй толугу менен өрттөлүп, жашоого жараксыз болуп калган.

Өлкө башчысынын көзөмөлү менен жапа чеккен айылдарды тез арада калыбына келтирүү иштери колго алынып, өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Лейлек жана Баткен райондорундагы 140 үйдү толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү мерчемделген.

Максат айылынын тургуну Санталат Хадиеванын жай турмушу 30-апрель күнү бир заматта өзгөрдү. Канча жылдык мээнет менен тургузган тамы каргашалуу окуяда күлгө айланып өрттөлүп, үстүндө кийип турган кийими менен гана калган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен чатырда жашап келген. Эми минтип жаңы курулган ак өргөсүнө көчүп кирип, кубанып турган кези.

Максат айылы менен катар, Арка, Интернационал жана Сада айылдарында жабыркаган жарандар үчүн жаңы турак үйлөрдүн курулушу тынымсыз уланууда. Чек ара чырында Лейлек району боюнча жалпысынан 100 үй өрттөнгөн болсо, учурда алардын 60ы толугу менен курулуп бүтүп, айылдыктар четинен көчүп кирип жашай башташты. Ал эми калган үйлөрдө актоо-сырдоо, тегерегин иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары чек аралаш айылдардын инфраструктурасына да көңүл бурулуп, жакшы саамалыктар аткарылууда.

Жаңы курулуп жаткан үйлөр Сип панель менен салынып, көп убакытты талап кылбастан, тез бүткөрүлүүдө. Мындай үйлөрдүн сапатына кепилдик берилип, Баткен жергесинин климаттык шартына туура келээри аныкталган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда облустун Баткен жана Лейлек райондорунун бир катар айылдары олуттуу зыян тартып, жалпы 140 үй жана социалдык объектилер, коммерциялык жайлар өрттөлгөн. Жабыркаган айылдарды тез арада калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан 700 млн сом бөлүнгөн.