An employee passes a logo made from a collection of photographs on a wall inside Facebook Inc.'s new data storage center near the Arctic Circle in Lulea, Sweden, on Wednesday, June 12, 2013. The data center is Facebook's first outside the U.S., poised to handle all data processing from Europe, Middle East and Africa and the server hub is largest of its kind in Europe, and most northerly of its magnitude anywhere on earth. Photographer: Simon Dawson/Bloomberg

Афганистанда  Facebook колдонуучулары үчүн «достор» тизмесин көрүү мүмкүнчүлүгү убактылуу өчүрүлдү, деп билдирди социалдык тармактын киберкоопсуздук саясатынын башчысы Натаниэль Глейхер.

«Биз адамдарды куугунтуктан коргоо үчүн Афганистандагы Facebook аккаунттары үчүн достор тизмесин көрүү жана издөө мүмкүнчүлүгүн убактылуу алып салдык», — деп жазат Глейхер Твиттердеги баракчасына.

Социалдык тармактын өкүлүнүн айтымында, Фейсбуктун командасы «Талибан» террордук кыймылы басып алган Ооганстандык абоненттердин жеке маалыматтарынын коопсуздугун жакшыртууну бир жума ичинде иштеп чыгышкан.

«Эгерде сиз Ооганстандын сыртында болсоңуз, бирок ал өлкөдө досторуңуз бар болсо, сиз аларды көрүү жөндөөлөрүн катуулатып коргоого жардам бере аласыз», — деп кошумчалады Глейхер.

Борбор шаарды басып алгандан кийин, талибдер АКШ жана НАТО менен кызматташкан жергиликтүү тургундарды издей башташты, деп жазат The New York Times (NYT), Норвегиянын Глобалдык анализ борбору БУУ үчүн даярдаган документке таянып. Гезитте жазылгандай, согушкерлерде мындай адамдардын тизмеси бар. Талиптер даректерин текшерип, камакка алынгандардын үй -бүлөлөрүн коркутууда, деп жазат.