Кыргызстанда окуу жылынын башталышы 15 -сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мындай чечим COVID-19га эле байланыштуу эмес. Туристтик сезондун узактыгы да эске алынды. Биз депутаттардын окуу жылын жылдыруу сунуштарына кулак салдык. Аларга ата-энелер кайрылып, талаа иштерин бүтүрүп, түшүм жыйнап, аны сатып, баланы мектепке даярдап жетишпей калып жатабыз, дешкен.

«Үч-төрт жылга чейин байкап көрөбүз. Келечекте кайра мурунку графикке келишибиз мүмкүн. Бул коронавирустун айынан эле эмес. Окуу жылын жылдыруу туристтик сезонду узартып, туризмге оң таасирин тийгизет деген үмүттөбүз», — деп министрлер кабинетинен айтып беришти.

Ошондой эле башка өлкөлөрдүн да тажрыйбасы эске алынды. Ал жерде окуу жылы 11-сентябрда башталат.

Ошону менен, окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнда бүтөт.