Өлкө башчыбыз Садыр Жапаров Нургожоевичтин мекенибиздин коопсуздугун коргоодо Ички аскерлердин салымдары чоң экендигин айтып, колдоо көрсөтүп жаткандыгын ИИМдин ардагерлери кубануу менен кабыл алып, өз пикирлерин билдиришүүдө.

ИИМдин Генералдар клубунун жетекчиси, милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев:

-Аныгында, Ички иштер министрлигинде абдан чоң майрам болуп турган учуру. Себеби мекенибиздин коопсуздугун коргоодо, аны сактоодо, эбегейсиз эрдик жасап, өз өмүрүн курмандыкка чалып, мекен үчүн чын дилден кызмат кылган биздин ички аскерлердин түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленип өттү. Ички аскерлерде  кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Силердин мекен коопсуздугу үчүн жасаган эмгегиңер эч качан көз жаздымда калбаары жана жогору бааланаары бүгүн, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин  сөзүнөн кийин далилденди десем да туура болчудай. Өлкө башчы тараптан жасалган өзгөчө камкордук жана мээрим силердин мындан ары да талыкпай иш алып барышыңарга чоң стимул болду деген ойдомун. Мындан ары да ушундай талыкпай эмгек кылып, ийгилик жарата беришиңерге тилектешмин.

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев:

-Үстүбүздөгү жылдын 24-августунда ИИМдин башкы имаратында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин катышуусунда ИИМдин Ички аскерлеринин түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди. Өлкө башчыбыз өз кайрылуусунда Ички аскер кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга көтөрүлөөрү жөнүндө  абдан бир жакшы сөздөрдү айтып кетти. Менин оюмча бул абдан туура чечим. Себеби, Ички аскер кызматкерлери абдан оор шартта өз өмүрлөрүн тобокелге салып, кызмат өтөшөт. Алардын эрдиктерине кечээги Баткен окуясында калың эл да күбө болду. Өлкө үчүн өмүрүн аябаган эр азамат жигиттерибизди ар тараптан колдоп, аларга жакшы шарт түзүп берип жаткандыгы үчүн күч түзүмдөрүнүн башкы кол башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичке жана ага сунуш жасаган ички иштер министри Ниязбеков Улан Омокановичке терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы