Өлкөдөн качкан миңдеген  афгандар чогулган Кабул аэропортуна жакын жерде бейшемби күнү эки күчтүү жардыруу болду. Кабулдун саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлү Би -Би -Сиге билдиргендей, кеминде 90 киши өлүп, 150гө жакыны жаракат алды. Жоопкерчиликти радикалдуу исламчылар моюнуна алышты.

Маалыматка ылайык, биринчи жардыруу аэропорттун качкындар чогулган кире беришинде, экинчиси америкалык аскер кызматкерлери адамдарды аэропортко алып кетип жаткан «Барон» мейманканасынын жанында уюштурулду.

Пентагон билдирген маалымат боюнча, Американын 13 аскер кызматкери көз жумуп, дагы 18 адам жаракат алды. Өлгөндөрдүн ону деңизде кызмат кылган аскерлер болгон.

Дүйнөлүк агенттиктер америкалык аскерлерге жана жергиликтүү булактарга таянып жазышкандай, биринчи бомба аэропорттун дарбазасынын алдында чоң арыкта же сугат арыкта турган топтун ичинде жанкечти тарабынан жардырылган.

Жардыруудан кийин, күбөлөрдүн айтымында, жанкечтинин шериги адамдарга ок чыгарган.