Ош облусунун Алай районундагы Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздарга  «Алай айымдары» коому  жардам беришти. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Алай айымдары» коому Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына, Памирлик кыргыздарга күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдарды идиш-аяк, балдарга оюнчуктарды жеткирип материалдык жардам көрсөтүштү.

«Биздин коом, Памирлик туугандарга, ашканада керектелүүчү  идиштерди, нан бышырганга духовка, буттарына бут кийимдерди  балдарга оюнчук  бердик. Ал эми өкмөт тарабынан курулган  эки жаңы ачылып жаткан балдар бакчасына килемдерди, оюнчуктарды, терезелерине  пардаларда  сатып бердик. Жалпысынан 1 миллион сомдук жардам көрсөттүк», — дейт коомдун  өкүлү Кундуз Кокочарова.