Коом
Бишкектеги №5 троллейбустун каттамы өзгөрдү
Бишкектеги №5 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 30-август күнү Чолпон-Ата көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Максим Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, ушул себептен улам №5 троллейбустун каттамынын кыймылы убактылуу өзгөрөт.
“Урматтуу жарандар, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз”, – деп айтылат маалыматта.