Коомдук ишмер, экс-депутат Ахматбек Келдибеков Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу экс-спикер Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кадырлуу кыргыз калкым!

Урматтуу мекендештер!

Эркиндик эч качан тартууланбайт, азаттык эч качан белекке берилбейт, ал күрөш менен келет. Бүгүнкү улуу күн үчүн, эркиндик үчүн ата бабалар кылымдар бою тынымсыз күрөшүп келди. Элибиз азаттыкты эӊсеп, эркиндикти көкүрөктө сактап жүрүп ушул күнгө жетти. Кыргызстандын көз карандысыздыгы кыргыз эли үчүн кылымдардын сынагынан өтүп, муундан муунга мурасталган дөөлөт болду. Ошондуктан, эгемендүүлүгүбүз — бул кылымдар бою күрөшүп, өмүрүн берип, ал үчүн кан төккөн ата-бабаларыбыз бизге калтырган ыйык мурасыбыз, улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз десем жаңылышпайм.

Албетте, 30 жыл тарыхый ченем менен алганда эгемен мамлекеттүүлүктү түзүү үчүн көз ирмемдик эле мезгил. Элибиз менен ушул 30 жыл аралыгында  ар кандай саясий оош-кыйыш окуяларга, социалдык-экономикалык каатчылыктарга туруштук берүү менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөгө баарыбыз далаалат кылып келебиз. Мына ушул тагдыр сыноолорунда бабалардан мурас калган көөнөрбөс көрөңгөдөн кубат алалы. Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин унутпайлы. Анткени, баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!

Урматтуу мекендештер!

Күчтүү мамлекет, жоголгус улут болот. Мекендин баркын да, баасын да биле жүрөлү. Анткени, ата-бабаларыбыз тагдырдын кыйын кезеңдерин татыктуу көтөрүп, далай сыноолордон намыс менен өткөн. Андыктан эгемендүүлүктүн, мамлекеттүүлүктүн баасын, баркын баалай билели. Ар дайым Ата-Журтубузда азаттыктын асабасы желбиреп турсун.

Эгемендүүлүк майрамыбыз кут болсун, түбөлүгү түз болсун!»