Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Алардын арасында «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын алган эстрада ырчылары, композиторлор да бар.

Бул наамды Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру Нурлан Абдыкадыров, ырчылар Динара Акулова, Исрадин Аманбаев, Берадор (Бек) Борбиев, Валентина Анникова, Валентина Гилка, Шакен Жоробеков, Айчүрөк Иманалиева, Эсенбек Мааданбеков, Абдырасул Маматкулов ж.б. маданий ишмерлерге берилди.

Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленүүдө. Анын урматына  медиктерге, маданият кызматкерлерине бир катар сыйлыктар тапшырылууда.