Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга Россиядан автоунаа менен кайтып келди. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, августтун аягында жасалган операциядан кийин дарыгерлер Өмүрбек Бабановго учак менен белгилүү убакытка чейин учууга тыюу салышкандыктан машина менен кайтууга туура келген.

«Өмүрбек Бабанов учурда үйүндө дарылануусун улантып жатат», — дешти жакындары.

Эске салсак, Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык аракеттерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок июль айынын соңунда райондук сот саясатчынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берилген.