Спорт

Бишкекте хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтөт

13-18-сентябрда Бишкекте балдар жана кыздар арасында хоккей боюнча  “Алтын шайба” боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  мелдешке Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан сегиз команда катышат. Уюштуруучу — КРнын шайбалуу хоккей федерациясы.

Мелдешке Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 2010 -жылы туулган улан -кыздардан куралган 8 команда катышат.

Турнирдин максаты — Кыргызстанда хоккей боюнча балдар жана жаштар командасын түзүү.

Катышуучу командалардын тизмеси:

«Динамо» ХК (Минск, Беларусь)

«Хумо» ХК (Ташкент, Өзбекстан)

«Бинокор» ХК (Ташкент, Өзбекстан)

«Туран» ХК (Шымкент, Казакстан)

«Алма-Ата» ХК (Алматы, Казакстан)

«Нарын Хоукс» ХК (Кыргызстан)

«Алга-1» ХК (Бишкек, Кыргызстан)

«Алга-2» ХК (Бишкек, Кыргызстан)

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button