Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 1 тоннасы 1 330ду түзөт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Мирлан Жакыпов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, калк үчүн көмүр Кара-Кечеден октябрдан баштап ташыла баштайт.
«Учурда көмүрдүн баасы 1 тоннасы 1 330 сомду түзсө, ортомчулар 2 миң сомдон сатып пайда көрүп жатышат. Кара-Кечеде иштер өз нугунда жүрүп жатат. Жайында аба ырайына байланыштуу план боюнча артта калыптыр. Аны сентябрь айында толуктап жатабыз. Калк үчүн көмүр Кара-Кечеден октябрдан баштап ташыла баштайт», — деп билдирди Жакыпов.
Аймактардагы көмүрдүн баасы:
Бишкек-4000-4100 сом (жергиликтүү), 4500 сом (Кара-Жыра, Шабыркул);
Ош — 2000-6500 сом (жергиликтүү);
Жалал-Абад-2500-6500 сом (жергиликтүү);
Баткен облусу — 6500-7000 сом (Сүлүктү);
Каракол — 5500 сом (жергиликтүү), 5900 сом (Шабыркул, Кара -Жыра);
Талас — 4 800-5 800 сом (жергиликтүү).