18-сентябрда Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өлкө боюнча жарыяланган масштабдуу ишембилик өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен басма сөз кызматынан  кабарлады.

Маалыматка ылайык, ишембиликке мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат. Дүйнөлүк тазалык күнү биздин өлкөдө төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат.

Иш-чаранын максаты – экологиялык абалга, коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого, жаратылышы ресурстарын аң-сезимдүү пайдаланууга, үнөмдөөчү технологияларды пайдаланууга жана таштандыны туура иштетүүгө көңүл бурдуруу.

«Эко Деми» коомдук фонду республиканын шаарларындагы жана аймактарындагы булганыч аймактардын виртуалдык картасын иштеп чыкты, аны ыктыярчылар тазалашат. Бишкек шаарында 100 түйүн аныкталды, ал – эс алуучу жайлардагы таштандылар. Алар активисттер тарабынан тазаланмакчы. Ар бир каалаган адам акциянын катышуучусу боло алат, жарандар өз турак-жайларынын аймагын, парктарды жана эс алуу жайларын тазалоого катыша алат.