Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган Чет-Булак айылы «Мадина шаарчасы» болуп өзгөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 36 үй жайгашкан аймак «Мадина» шаарчасы деп аталды.

Үйлөрдү «Ихлас» жана «SMA» курулуш компаниялары куруп беришти.

Үйлөр үч бөлмөдөн туруп, ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын буюм-тайымдар орун алган.

Эске салсак, Баткенде 28–30-апрелде Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда 13 жаштагы Мадина Рахматжанова тажик аскерлеринин огунан көз жумган.